Абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун баласы каза болгон жол кырсыгынын чоо-жайын Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Жол кырсыгы 22-август күнү саат 22:00 менен 23:00 чамасында Бишкектин Көк-Жар айылында жайгашкан "Фрунзе" маркетинин алдында болгон.
"Мотоциклди 27 жаштагы Дастан Садыр уулу башкарып, анын артында 20 жаштагы кыз учкашып келе жаткан. Кырсык болгон жердеги адамдардын айтымында, мотоцикл катуу ылдамдыкта келе жатып, "Фрунзе" дүкөнүнүн аянтчасында токтоп турган Toyota Matrix унаасына урунган. Мотоциклди башкарып бара жаткан жаран ыргып барып аянтчада токтоп турган жол тандабаска урунган. Кырсык болгон жерге келген "Тез жардам" кызматы мотоциклдин башкаруучусун жана кызды Бишкектеги №4-ооруканага алып кетишкен. Бул факты Аламүдүн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган", - деди басма сөз кызматынан.
Дастан Садыр уулунун өмүр баяны тууралуу кенен маалымат бул шилтемеде.