Садыр Жапаровдун иниси президентке кайрылды

Сот тарабынан башкаларга колдонулган мунапыс Садыр Жапаровго колдонулбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өткөн маалымат жыйында Садыр Жапаровдун иниси Давлатбек Жапаров билдирди. Айтымында, Садыр Жапаровдун ишинде прокуратура жана сот органдары мыйзам бузуп жатат.

"Урматтуу президент, сиз өзүңүз "эгер соттор мыйзам бузса, өзүм кийлигишем" деп айттыңыз эле. Макул, Садыр Жапаров мурунку бийликтин убагында камалып кетти. Биз эч нерсеге карабай, ага дагы макул болуп келдик. Биз башкаларга колдонулуп жаткан мунапысты Садыр Жапаровго колдонуп бериңиздер деп сотко кайрылсак, алар 2 инстанцияда тең баш тартып жооп беришти.

Үчүнчү Жогорку Сотко келгенде, ал жак 2018-жылдын 12-ноябрында карап туруп чыгарып жатышат. Ал жерде ошол эле мунапысты соттолгон жерде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы колдонот деп жазылып турат. Мына ушунун негизинде биз ал жакка арыз жаздык. Ушул документтеги амнистияны колдонуп, чыгарып бергиле дедик. Кайра ошол эле прокуратура биз колдоно албайбыз сот колдонот деп жатат. Бул ошондо эмне дегендик? Бул деген сот менен прокуратура бири-бирине кагылышып калды дегенди түшүндүрөт. Мисалы, Жогорку Соттун чечими акыркы даттанууга жатпайт. Муну эч ким эч нерсе кыла албайт. Ал гана эмес президент дагы кийлигише албай турган иш. Бирок парадокс болуп жатпайбы. Жогорку Кеңешке дагы кайрылдык. Алар мыйзамдын карама-каршылыгынан улам деп оозеки жооп берип жатат. Бирок алар кагаз жүзүндө жооп бериши керек эле, бирок жооп бере албай жатышат. Андан бери 14 күн өттү. Мыйзам бузуу болуп экөө бири-бирине карама-каршы келип жатканы менен ортодо Садыр Жапаров жабыр тартып жатат. Ал түрмөдө олтурат. Бул мыйзам бир эле Жапаровго келгенде иштебей калып жатат", - деди Садыр Жапаровдун иниси Давлатбек Жапаров.

“Садыр Жапаровго байланыштуу чындык өлкө башчыга жетпей жатат” дейт иниси
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан