Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча кылмыш иштеринин бири каралып сот чечимин чыгармак.
Өкүм саат 16:00дө окулары эртең мененки соттук отурумда айтылган. Бирок дагы деле өкүм окула элек. Айыпталып жаткандардын жакындары сот залында күтүшүүдө. Эмне себептен кечигип жатканы да айтылган жок.
ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча айыпталып жаткандар "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков, "Электр станциялар" компаниясынын мурдагы башчысы Узак Кадырбаев, ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу, ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков.