22-апрелде урандын казылуусуна каршы Бөкөмбаев айылында жана Боом капчыгайында митинг болот. Бул тууралуу SUPER.KG`ге уюштуруучулардын бири кабарлады.
Анын айтымында, эртең Ысык-Көлдүн тургундары Бөкөмбаев айылынын борборуна, ал эми Бишкектен баргандар Боом капчыгайындагы уран казылат деген жерге чогулууну болжоп жатышат.
"Уран казууга 1-2 эле киши кызыкдар болбосо, көпчүлүк тургундар ага каршы. Уран казылган жерден оттогон уйлардан бери зыяндуу болуп калат. Ысык-Көлдө алма, өрүк көп өскөнүн билесиздер. Көлдөгү туризм сезонунда миллиондогон кирешелер өлкө казынасына түшөт. Мунун баарын уран казабыз деп уратып алуу коркунучунда турабыз. Ошондуктан биз бийликтен зыяндуу затты казуусун токтотууну талап кылабыз. Ушундай эле митингди 26-апрелде Бишкек шаарында өткөрүүнү пландап жатабыз", - деди уюштуруучулардын бири.