Өкмөт алдындагы Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусундагы уран кени тууралуу түшүндүрмөнү жарыялады.
Түшүндүрмөнүн тексти толугу менен:
"Кызыл-Омпол уран-торианит чачылмалардын топтому (Баке, Таш-Булак, Узунсай, Түндүк, Оттук) 1951-жылы ачылган, батыш тарапта, Кыргыз кырка тоосунун чыгыш бѳлүгү Кызыл-Омпол тоосунда жайгашкан.
Административдик жагынан аталган чачылмалар Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна жана Нарын облусунун Кочкор районуна кирет.
"UrAsia in Kyrgyzstan" (Кыргыз өлкөсүндөгү ЮрАзия) ишканасына Кызыл-Омпол лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгѳ 2010-жылы лицензия берилген.
Компаниянын негизги изилдѳѳ объекти болуп Таш-Булак чачылмасы болуп эсептелет.
Аныкталган запастары: уран - 3,5 миӊ тонна, торий - 8,54 миӊ тонна, фосфор - 10 миӊ тонна, цирконий - 34 миӊ тонна жана титан-магнетит - 1,6 миллион тонна түзѳт.
Уран-торианит чачылмалары жердин бетинде жайгашкан, азыркы учурда жердин бетинин жалпы радиациялык фону саатына 40тан 80ге чейин микрорентген, айрым бѳлүмдѳрдѳ саатына 130-150 микрорентгенге чейин түзѳт.
Радиоактивдик кумдардын негизги массасы кесиктин (разрездин) жогору бѳлүгүндѳ 25 метр тереңдикте турат.
Жогорку катмарларды иштетүү радиоактивдүү кумдарды алып чыгаруу үчүн радиациялык фондун жалпы деңгээлин төмөндөтөт.
Компания сунуштаган Таш-Булак чачылмасынын иштетүү ыкмалары – кумдарды гравитациялык жолу менен тазалоо экологиялык таза ыкма, айландырылган техникалык сууну колдонуу бурамалуу сепарация ыкма. Эч кандай реагенттер, техникалык суудан башка колдонулбайт.
Казып алынган радиактивдүү кум Кара-Балта тоо-кен комбинатына кайра иштелип чыгууга жөнөтүлөт, гидрометаллургиялык процесстен кийин уран, торий, титаномагнетит, цирконий жана пятиокись фосфор элементтери пайда болот.
Бардык тазаланган материал бир жерге салынып, рекультивацияланып, анын ордуна жайыттарды калыбына келтирүү үчүн топурак-ѳсүмдүк катмары калыбына келтирилет жана кѳп жылдык чѳптѳр отургузулат.
Концентраттар Кыргыз Республикасынын кооптуу жүктү ташуу техникалык регламентине ылайык, радиоактивдүү коопсуздукту сактаган атайын контейнерлерде темир жол менен ташылат.
Кенде кумду тазалап турган жылдырылма модуль иштеп турат. Фабрика салынбайт, иштеп чыгуу процесстери Кара-Балта комбинатында жүргүзүлөт.
Таш-Булак кенин иштетүү программасына жалпы 10 миллион доллардан кем эмес акча каражат сарпталат.
Кенди иштетүүгө жергиликтүү эл үчүн 200-220 жумуш орун ачылат, Кара-Балта комбинатында болсо 500дөн ашуун жумушчу эмгектенет. Программа Кара-Балта тоо-кен комбинатын 25 жыл иштетүүгө белгиленген.
Азыркы учурда компания ТЭН (Техникалык-экономикалык негиздеме) жана КЧТБ (Курчап турган чөйрөгө таасирди баалоо) техникалык долбоорлордун үстүнөн иштөөдө. Аталган эки документ коомдук угууга жана жергиликтүү эл менен макулдашууга чыгарылат.
Маалымдама:
"Кыргыз өлкөсүндөгү ЮрАзия" ишканасы чалгындоо программасына жалпысынан 271 миллион сомдон ашык акча каражат сарптайт. Компания Ысык-Көл облусунун Тоң районунун ири салык төлөөчүлөрдүн катарын толуктайт. 2012-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 23 миллион сомдон ашуун акча каражат которгон, Тоң районунун Салык салуу мамлекеттик башкармалыгына 10 миллион сом салык төлөгөн.
Компания лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдү 32,2 миллион сомду Тоң районунун Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө которгон жана 13,3 миллион сомду Кочкор районунун Семизбел айыл өкмөтүнө которгон. Мындан тышкары лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдү компания 2012-2018-жылга карата 30 миллион сом төлөп жатат. Азыркы учурда чалгындоо иштерин 112 киши жүргүзүп жатат, алардын ичинен 90 киши - жергиликтүү тургундар", - деп айтылат түшүндүрмөдө.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлдө уран кенин казуу туризм тармагына терс таасир тийгизерин айтышкан.