26-апрелде Бишкекте урандын казылуусуна каршы митинг өтөт

Эртең, 26-апрелде Бишкек шаарында урандын казылуусуна каршы митинг өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдө урандын казылуусуна каршы митинг Ак Үйдүн жанында саат 10:00дө башталмакчы. Ага жарандык активисттер, экс-депутат, укук коргоочулардын катышуусу күтүлүүдө.

Уюштуруучулар билдиргендей, митингге чыккандар Ысык-Көлдө урандын казылуусун токтотууну талап кылып чыгышмакчы.

Буга чейин, тагыраагы, 22-апрель күнү Боом капчыгайында урандын казылуусуна каршы митингге 300дөй адам катышкан. Анда чогулган элге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aliya-leyla
2019-04-25 12:04:38
Токтотулса деле митинг кыла беришеби? Политика го
-1
Sabyr_Baymatov
2019-04-25 14:27:27
aliya-leyla, убактылуу токтотулгандыктан митинг болот да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан