1968-жылы СССР Кыргыз жергесинде уранды казууну токтоткон. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, уран 2 нерсе үчүн керек. "Биринчиси - атомдук электростанция, экинчиси - атомдук бомбалар. СССР 1968-жылы Кыргыз жергесинде уранды казып алууну токтоткон, анда да көп маселе болгон. Мен 9-класста окуп жүргөндө Иван Цацулин деген чоң советтик жазуучу бар болчу, анын уран маселеси боюнча "Атомная крепость" деген романы бар эле. Анда дүйнөнүн алдыңкы күчтүү аскерлери, мамлекеттердин чалгындоо кызматтарынын Ысык-Көлдө изилдөөлөрү болгону боюнча жазылган. Уран маселеси чыккандан кийин ал китепти издетсем чыкпай жатат. Романда күчтүү өнүккөн мамлекеттер менен миллиардерлер ушул жердеги уранды алууну көздөгөн. Ошол окуя азыр кайра кайталанып жатат", - деди Абдылдаев.
Ал премьер-министрге кайрылып, бүгүнкү күндө өлкөдө 5 уран калдык сактагыч бар жана алардын баары начар абалда экенин белгиледи. "Бирок 5 эмес, 25тен ашык калдык сактагыч бар деген маалыматтар бар. Кызмат бул чоң маселелерден да өйдө турабы? Өзүңүз Кочкордон болосуз, Кызыл-Омпол менен Кубакыны жакшы билесиз. Кочкорго Кызыл-Омпол менен же Кубакы менен барасыз. Оң жагын да, сол жагын да карасаңыз, ал жакта бак-дарак оңою менен өспөйт, кар да түшпөйт, чаң болуп турат. Улан шамалын жакшы билебиз, ал Боомдон башталып, анан Кочкорго барат. Уран Чүй жакка үйлөбөйт, ал Ысык-Көлдүн үстүнө үйлөйт, аркы жагынан Санташ үйлөйт. Мындай маселелерди адистер менен кеңешүү керек да.
Мен миллионерлерди жана миллиардерлерди түшүнөм, алар "уран кенин иштетели" деп жатышат. Бирок биздин улуттук кызыкчылыгыбыз болушу керек да. Эгер кен боюнча долбоорго кол коюлуп калган болсо, анда ал ратификацияга келиши керек болчу. Бул маселени чечүү керек, сиз экономиканы эсептеп туруп чечесиз же эртеңки келечекти эске алып иштейсиз", - деди өкмөт башчыга депутат.