Интернетке уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан "Юр Азия Кыргызстан" компаниясынын лицензиясын кайтарып алуу боюнча кат тарады.
Катка Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев кол койгон.
“Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан "Юр Азия Кыргызстан" компаниясынын Кызыл-Омпол аянтындагы жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндө кат келип түшкөн. Кат апрель айында Жер казынасын пайдалануу лицензиялоо маселеси боюнча комиссиянын отурумунда каралып, жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганын маалымдайт”, - деп жазылат комитеттин "Юр Азия Кыргызстан" компаниясына жазылган катында.
Аталган комитеттин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, бул кат "Юр Азия Кыргызстан" компаниясына жөнөтүлгөн.
Буга чейин биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов "Кызыл-Омпол" уран кенинде жүргүзүлүп жаткан иштер толугу менен токтотулганын айткан. "Бүгүнкү күндө компаниянын кенди казып алууга эч кандай акысы жок. Мындай укукту аларга эч ким берген эмес. Буга чейин чалгындоо иштерине гана уруксат берилген. Кен казуу үчүн өзүнчө лицензия алынышы керек. Түзүлгөн мамлекеттик комиссия кендин кийинки тагдырын чечүү боюнча иш алып барат", - деп билдирген Боронов.