Бүгүн, 29-апрелде уран кенинин иштешине каршы митингдин катышуучулары Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш менен келе жатат.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө 29-апрелде саат 9:00дө Балыкчы шаарында Кызыл-Омпол уран кенин биротоло токтотуу боюнча митинг башталып, Бишкекти көздөй 100 адам жөө жүрүшкө чыга турганы тууралуу маалымат тараган.
Бүгүн "Кыргыз темир жолу" ишканасы 29-апрелден 3-майга чейин Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлө турганын маалымдады.
Ишкананын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, таштарды атайылап кулатуу иштери жөө жүрүшкө байланышы жок, бул алдын ала пландалган иш.