Астротөлгө: 5-январь күнү төрөлгөндөр максаттуу болушабы?

5-январда чыдамкай, мээнеткеч, абийирдүү жана максаттуу адамдар төрөлүшөт. Стабилдүүлүктү, коопсуздукту баалашат.

Тамашакөй келип, күтүлбөгөн жерден таамай, курч сөздөрү менен чөйрөсүндөгүлөргө күлкү тартуулашат.

Алдындагы көйгөйдүн тамырын тездик менен таап, кырдаалды тыкыр анализдеп, жөнгө сала алышат.

Тажрыйбалуулугу, көксөгөн тилегине аз күч сарптап жетише алуусу аркылуу башкалардан өзгөчөлөнөт.

Ишти ийне-жибине чейин мерчемдеп алуу, каалоосун так билип, элестетүүсү алыскы келечек планын түзүүгө өбөлгө болот.

Сүйүүдө эмоцияга алдырбаган токтоолук мүнөздүү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан