Сотто Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулунун мыйзамсыз кылмыштуу топ түзгөнү айтылды

Бүгүн, 2-ноябрда Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун соттук отуруму уланууда. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Соттук отурумда прокурор тарабынан Дамирбек Асылбек уулу аткезчилик менен алектенген топ түзгөнү, жасалма документтерди колдонуу аркылуу Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга чоң көлөмдөгү азык-түлүк өткөргөнү айтылды.

"2016-жылдын ноябрь айында ошол кездеги депутат Дамирбек Асылбек уулу өз кызматын пайдалануу менен азык-түлүктү мыйзамсыз ташуу боюнча эл аралык кылмыштуу топ түзүп, аны өзү жетектеген. Ал топ менен пайда табуу максатында чоң көлөмдөгү азык-түлүктү Кыргыз өлкөсүнөн Казакстан жана Орусияга жасалма документтерди колдонуу менен чыгарып турган. Кыргыз депутатынын планы менен Казакстандагы шериктери ал жүктөрдү Алматы шаарына чейин коштоп келип турушкан жана түзүлгөн топ жүктүн коопсуздугу үчүн пара беришкен", - деди мамлекеттик айыптоочу.

Дамирбек Асылбек уулунун иши боюнча соттук угуу 19-октябрда башталган.

19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар болгон. Анын бири - Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен, бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан. Буга байланыштуу иликтөөлөрдүн натыйжасында Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталып, 16-апрелде депутаттык мандатынан ажыратылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан