Бишкек-Ош унаа жолунун Өтмөк ашуусунда борборго келе жаткан "Академия-Лидер" футболдук командасынын унаасы жол кырсыгына кабылып, бир команда мүчөсү каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 22-август күнү саат 07:30да Бишкек-Ош жолунун 197-чакырымында болгон.
"Өтмөк ашуусунун Талас жана Бишкек-Ош унаа жолунун кесилишинде Хонда Степвагон унаасы менен Мерседес Бенц сүзүшкөн. Тактап айтканда, эки унаа бири-бирин капталын сүзгөн. Кырсыктан Мерседес-Бенц унаасы айланып кеткен. Футболдук команда Мерседес-Бенц унаасы менен Бишкекке келе жатышкан. Машинанын ичинде уктап келе жаткан команда мүчөсү унаа катуу силкингенде моюну сынып, каза болгон. Дагы бир жаран унаанын алдыңкы отургучун башы менен сүзгөн. Ал учурда ооруканада. Бул факты Жайыл РИИБинин Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда жеринде кызматкерлер иш алып барышууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Каза болгон оюнчу тууралуу маалымат бир аз убакыттан кийин толукталат.
Буга чейин "Академия-Лидер" футболдук командасынын унаасы жол кырсыгына кабылганын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирген.