Текебаев Атамбаев тууралуу: "Ал да бирөөнүн баласы, кылган гана кылмышына жооп бериши керек" дейт

"Биз, "Ата Мекен" партиясы биринчилерден болуп Алмазбек Атамбаев бийликти узурпациялап жатат. Ал артына жетеленме бийлик, жетеленме өкмөттү коюп кеткени турат деп айтып чыктык". Мындай билдирүүнү саясатчы Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунун Акман айылындагы тарапташтары менен жолугушуу учурунда айтты.

"Биз бийликтен оппозицияга өз ыктыярыбыз менен кеттик. Жөн эле кетпестен ондогон, жүздөгөн адамдардын тагдырын тобокелге салдык. Бир нече адамдарга иш козголду, айрымдары иштен алынып, айыл өкмөттө иштегендерге чейин куугунтукталды. Убакыт өттү. Атамбаевдин бүт планы ашкере болду, үстүнөн 14 иш козголуп, бүгүн камакта отурат. Бирок мен зордук-зомбулук, мыйзамсыздыктын курмандыгын көргөндөн кийин, андайды душманыңа да каалаба дейт кыргыз. Мен бүгүнкү бийлик Атамбаевге козголгон кылмыш ишин ачык-айкын, адилет, мыйзамды сактап, эл алдында сот ачык карашын каалайм. Күнөөсүз болсо иши кыскартылып, күнөөлүү болгон кылмыш иштери үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Ал да бирөөнүн баласы, кылган гана кылмышына жооп бериши керек", - деди Текебаев.

Андан кийин ал Сооронбай Жээнбеков тууралуу сөзүн улантып, аны Атамбаевдин досу деп атады.

"Түрмөдөн чыккан күнү Жээнбеков тууралуу жакшы сөз айттым эле. Интернетте мени "кошоматтык кылып жатат, сыныптыр" деп сындашты. Мен кайрадан айтып коёюн. Бул эки дос чырдашты, бийлик талашты деген ой-пикирлер айтылды. Кайсы бир мааниде бул туурадыр. Мени алардын чырынын чыныгы себеби кызыктырбайт, иштин жыйынтыгы кызыктырат.

Жыйынтыгында мурунку президент жасаган былык иштердин бети ачылды, үстүнөн иш козголуп, мурдагы президент деген макамы алынып, абакта. Бул Кыргыз өлкөсүндө түшпөс хан болбойт деген түшүнүктүн пайда болгонунан кабар берет. Эгер ушундай салт уланса, азыркы президент өзү жаман иштеген болсо ал да жооп берет. Ал Атамбаевди ушундай ишке кириптер кылуу менен өзүнө чоң жоопкерчилик алды. Ошентип жаңылануу процесси башталды", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан