Азиз Батукаевге рак оорусуна кабылды деп диагноз койгон дарыгерлер камалды

"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин кылмыш ишин иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2 дарыгер кармалды. Алар СИЗО-1ге 2 айга камалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган дарыгерлер Батукаевге рак илдетине кабылды деген диагноз коюшкан. Алар Э.М. аттуу дарыгер жана И.Ц. аттуу лаборант экендиги белгилүү болду.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Азиз Батукаевдин кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу толук маалымат берилбей турганы айтылды.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
elchi84
2019-05-03 15:32:59
Азизди Жеенбеков кое бербеди окшойт АШАны соотош керек .
+6
ninja82
2019-05-03 15:38:33
АШАнын иши дагы аз калган окшойт,бирок эн туура аткарылып жаткан иш. актап,камактан чыгарып качыргандар жазасыз калбаш керек. аз омуру калды деп диагноз койуп бир мынча акча алса керек эле,эми ошону турмодо кусуш керек булар.
+5
Tolkun555
2019-05-03 16:21:01
Салямованы да сураш керек ушул иш боюнча.Парламентте ошол мезгилде коргоп жаткан.эми айтсын чындыгын.азыр деле духтары жетпейт айтканга.
+10
BekAmir
2019-05-03 16:26:49
Дарыгерлер андай ишти оздору бутуро албайт Ак Уйдун козун карайт. Бей бечералар оорусада зонадан чыкпайт, олгондо чыгарышат
+8
Alixan-Nookat.2015
2019-05-03 16:51:27
Ал кылмышкерди калп эле ооруп жатат чыгардыңар ал эми чындап ооруп жаткан Суталиновду эмнеге чыгарбай жатасыңар апасын сыздатып?
+10
katerina.li
2019-05-03 17:03:06
Врач менен лаборант эээн майда кишилер бул иште. Кандай приказ келсе ошондой аткарышты да. Бизде дайыма ушундай,тузмо туз тиешеси бар адамдар кутулуп кетишет. Майда чуйдолорду камап коюшат
+14
Kuttubek8483
2019-05-03 17:26:53
Врач Ким приказ бергенин айтсын.
+12
Agayu
2019-05-03 23:06:01
Өкмөттүн күрмандыктары болуп калды да алар дагы .Жок жоопкерчилүктү алалбайбыз десе коркутуу болот , силерди коргойбуз акча беребиз десе мейли анда дешти да .Дагы ким билсин бизде баары болот , ойго келбеген нерселер
+3
ahun72
2019-05-03 23:06:26
Баягы бомбасы барды дагы камаш керек. Мен бомбамын деп журбоду беле омбутсмен болуп
+2
Defend.
2019-05-04 00:16:26
Батукаевке бир күндө паспорт жасап берген паспорт столдун башчысыбы же гос.регистрдын башчысы ошону дагы камагыла.
+5
Baicho_0707
2019-05-04 00:16:26
А Зарылбек Рысалиев тиешеси жокпу!? Ал ошол убакта ГСИНдин чону эмес беле? Турсунбек Акун чуркап журбоду беле: олгону атат деп. Врачтар ойдо жактан буйрук болмойунча эч нерсе кыла алмак эмес. Кылгылыктын баары чондордо. Эки врачты соттоп ишти жаап койушат. Болду ошону менен!
+4
souza.j
2019-05-04 07:59:19
Врачтарды жазасынар деген да. Чынында черный мирдин адамдары илибойуна жаздырып коймок. Байкуштар жертва болушту. Слабыйларды чаап салышты корунот
+4
tachkomur
2019-05-04 08:17:34
Буйрук бергендер азап тартпай буйрук аткаргандар азап тартат эми
+4
Komrad
2019-05-04 10:40:26
Супер инфо, болтуруктор жонундо видео чыкты го, ошол эмне менен бутту, ошол жонундо жазыпу коесуздарбы
+1
JENTLEMAN
2019-05-04 11:48:37
Бул эки дарыгерде ващще күнөө жок, буларга буйрук бергендерди камаш керек эле, байкуш экөөсү жок жерден курмандыкка чабылыптырда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан