Жактоочу: "Аида Салянова тамчылатма алып жатат"

Бүгүн, 21-июнда Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралууда.

Анын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдиргендей, Аида Салянова ден соолугуна байланыштуу сотко алынып келген жок.

"Анын ден соолугу начарлап, өткөндө Улуттук кардиология борборуна которулган. Азыр тамчылатма алып жатат, алсыз болууда. Ооруканадан качан чыгары да белгисиз", - деди жактоочу.

Учурда ишти карап жаткан сот кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан