Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча дагы 3 дарыгер камакка алынды

"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишин иликтөөнүн алкагында дагы 3 дарыгер камакка алынды. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Кыйноолорго каршы күрөш боюнча улуттук борборунун орун басары Динара Саякова тастыктады.

Анын айтымында дарыгерлер 6-май күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Ал эми бүгүн, 8-майда алардын баш коргоо чарасы каралат.

"Кармалгандардын арасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медицина санитардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Б.К. жана №47 колониянын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери А.Ф.", - деп билдирди Саякова.

Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
elchi84
2019-05-08 18:02:58
Ушулар мнеге АША маалында жооп ко тартылган эмес .АША Кыргызстанды кыйла эле артка тартып тыштады.
0
Catti-80
2019-05-08 18:56:49
Врач кармалды деп айткандан
Уялбайт экенда
ХХХХ
+4
Povetkin
2019-05-08 20:54:17
Ооохо Эми каармаптыр байкуштар баш иштеп кеткенго, жасады кылган ишти кылышты Эми моюнуму менен тартсын Акчасын алганда.
+3
Ermekbai
2019-05-09 00:32:09
Эки дөө кашышса ортодо чымын өлөт болуп бул врачтар жөн эле буйрук аткарганда. Буйрук берген адамды камабайсыңарбы.
+4
Chungyz
2019-05-09 00:40:45
Ошол кездеги соттордун да жоопкерчилигин караш керек
+5
Ruslan-bel-oruk
2019-05-09 02:23:20
Буларды камап не кыласынар Азизди камагыла алып келип
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан