Бүгүн, 17-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтүүдө. Анда ИИМдин өкүлү "суракта мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча Алмазбек Атамбаевден тапшырма түшкөнүн айткан" деп билдирди.
Белгилүү болгондой, Атаханов тергөө менен кызматташууга барганы үчүн анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.
Буга чейин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдиргендей, азыркы бийлик Азиз Батукаевдин ишин Атамбаевге атайылап байланыштырууда. "Эмнеге 6 жылдан кийин бул ишти кайра эстешти? Анткени Атамбаевдин айланасындагылардын баарын камагысы келип жатат", - деген Карамушкина.
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин оппоненттеринин аракеттеринен майнап чыкпай турганын айтты. "Батукаевдин бошотулушун Атамбаевге атайын байланыштырып жатышат. Экс-президентке каршы сүйлөгөндөр өздөрү ири суммадагы акча алганын Батукаевдин туугандары айтышкан", - деген Жолдубаева.
Бүгүнкү жыйынга комиссиянын 12 мүчөсүнөн 10у келип, экөө келген жок. Алар Канатбек Исаев жана Кожобек Рыспаев. Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия 13-июнда түзүлгөн. Анын толук курамы:
"КСДП" фракциясынан - депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар - Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;
"Кыргызстан" фракциясынан депутаттар - Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов;
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат - Алтынбек Жунус уулу;
"Бир Бол" фракциясынан депутат - Бактыбек Турусбеков;
"Ата Мекен" фракциясынан депутат - Каныбек Иманалиев.