"Гомосекут... Сексалю... Эр аралык... Ассамбелея..." депутат, билим берүүнүн отличниги Тазабек Икрамов дагы жаңылышты

Жогорку Кеңештин депутаты, билим берүүнүн отличниги Тазабек Икрамов 8-майдагы парламент жыйынында ассамблея деген сөздү окуй албай кыйналды. Ал ассамблея деген сөздү айта албай "асамбелея" деп айткан.

Буга чейин эл өкүлү 2-майда болгон Жогорку Кеңештин жыйынында уран боюнча пикирин айтып жатып "эл аралык" деген сөздү айта албай "эр аралык" деп бир нече жолу айтканы бар. Мындан сырткары, 8-мартта болгон феминисттердин маршы тууралуу пикирин билдирип жатып гомосексуализм деген сөздү окуй албай "гомосекут... сексалю..." деп айтып социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан сынга кабылган. Эртеси күнү ал парламенттин жыйынында "Жигиттин оозуна алгыс сөздү эмоцияга алдырып айта албай койгом, аны айрым журналисттер ар кандай ракурста берип жатат" деп өз пикирин билдирген.

Депутат Тазабек Икрамов ушул жылдын январь айында "Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги" төш белгиси менен сыйланганы белгилүү болгон. Ал "2 жыл дене тарбия мугалими болуп иштегем" деген эле.

"Гомосекут... сексалю..." – Жогорку Кеңештин депутаты, билим берүүнүн отличниги Тазабек Икрамов текстти окуй албай кыйналды
Депутат ассамблея деген сөздү айта албай кыйналды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
erkinali858585
2019-05-09 11:50:18
Аттиң биздин депутаттардын деңгээлине, ач мышык шолоктоп ыйлайтко.
+5
bond02
2019-05-09 12:11:42
Мына биздин тош белги берген маданият министринин, парламенттин жузу! Ондуу суйлой албаган неме мамлекетти кылымда ондой албайт.
+3
bond02
2019-05-09 12:12:24
Учунчу чыгарылышын кутобуз чыдамсыздык менен.
+4
Aikaaaa
2019-05-09 13:39:46
bond02,төртүнчү чыгарылышы болуп калат го. Анткени биринчиси "сексалю", экинчиси "эл аралык", үчүнчүсү "ассамблея" болуп жатат. Супер эл аралыкты унутуп калышкан окшойт
+1
oSporte
2019-05-09 14:38:16
Aikaaaa,ме-ме-мега-мегатрон-мегбайт
+5
dmd
2019-05-09 13:05:28
Эксковатор дегенди айттырып көрбөйлүбү?
+9
katerina.li
2019-05-09 19:04:04
Автотехобслуживание деген созду окутуп корсонор
+2
ruslanz
2019-05-09 19:23:58
Билим беруунун отличнигин сатып алганы билинип эле турат. Коп окуган билимдуу киши мындай создорду шар эле айтат, анткени тили жатыгып калат.
+3
Elaman_Arypov
2019-05-09 23:21:15
Эми бизди ХХХХ башкарат да
+1
souza.j
2019-05-09 23:34:47
Аман эле болсун. Ар кимин оз камынды кор. Бул абалды коруп келечектен умут аз.
+1
Begimay.emir1
2019-05-10 00:14:16
Адам адашат да. Жонокой эле, кочодо жургон эле адам депутат боло албайт. Бул дагы Кудайдын буйругу. Жакшы эле иштеп атат. Шылдындагандар озунорду билип алгылачы
-2
Kgda
2019-05-10 00:41:00
Эмии ушундай болуп калдыда кокустан ага конул бурбагылада.
0
Birimdik5555
2019-05-10 01:17:36
Адам сурдогондо жанылат да,эч жанылбай суйлогон ото илимдуулор не кылды
-2
KyrgyzstanBishkek
2019-05-10 03:04:01
Сыйлыгын алыш керек
+1
Leilona
2019-05-10 04:17:29
Давлена (давления) деп айтканы да бар
+1
odin-takoy
2019-05-10 06:12:18
Ушул жерде депутатты сындаган умныйлар эмне кылып журосунор ушунча акылынар менен
-2
nazi25
2019-05-10 08:42:25
Позор!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан