Кримтөбөл Азиз Батукаевди жактоочусу Али Касымов 26-октябрга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту чечимди кечээ, 19-августта чыгарган.
Али Касымов 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Андан соң Касымов жактоочусу менен бирге 16-август күнү тергөө менен кызматташуу жөнүндө өтүнүч каты менен кайрылган.