Жогорку Кеңеште "КТ Мобайлдын" бардык жетекчилери отставкага кеткени айтылды

“КТ Мобайл” компаниясынын бардык жетекчилери өз каалоосу менен отставкага кеткени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште “КТ Мобайл” боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда “Кыргызтелекомдун” төрагасынын милдетин аткаруучу Эмил Акматов билдирди.

Анын айтымында, алгачкылардан болуп арызды “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу жазды. Андан кийин компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетов кызматтан кетүүнү чечкен. Алар жазган арыз кабыл алынган.

15-майда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратып, Эрназар Иманкадыр уулунун атасы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экендигин тастыктаган.

"Биз "Ачык Өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин бажасы экендигин ырастайбыз. Бирок анын уулу Эрназар "КТ Мобайл" компаниясынын директорунун орун басары экендигин Мухаммедкалый Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы ал кызматтан кетүүсү керек деп эсептейт", - деп билдирген басма сөз кызматы.

Мындан сырткары маалыматта өкмөт башчы "КТ Мобайл" кызматкерлеринин маяна өлчөмүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү жана анын уюмдук түзүмүнүн натыйжалуулугун талдоону тапшырганы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан