Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов кармалды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Атаханов бүгүн, 21-майда Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берди.
"Иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри Шамиль Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берди. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Атаханов кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
-Dybala-
2019-05-21 21:46:35
соке Атамбаевге каршы корсотмо алыш учун Исаков, Ибраимовдорду камады эле алардан Атамбаев каршы корсотмо ала албай эми буларды камайт экенда. Итиндин дос болгону жакшы досундун ит болгону жаман деген макал барго
+8
Erik2018
2019-05-22 09:32:43
-Dybala-,Атамбаев ошол президент болуп тойбой Батукаевдин акчасына кызыгып кое берип салды. Камап он жылга абака тыгыш керек. Катуу чара көрүш керек болбосо Атамбаев камалбайт. Атамабведи ХХХХ жаман көруп калдык Илим Карыпбековдун таенеси туура айтыптыр.
+1
Kamchybek-007
2019-05-22 16:34:15
Erik2018,туура мен сот болгонумда Атамбайды вечно тыгат элем түрмөгө жана кадрларына кеми 50жыл Раим миллион кылган ошол кайра аркасынан сүйлөп жүрөт эми Раим ага тең келе турган даражага жетти эми жаман кылат Атамбайдын эркесин аркадан сүйлөгөн эркек эмес Атамбай
+1
Bars88
2019-05-21 22:05:39
Бир зек канча ХХХХХ зек кыла турган болду.Турсунбек акун менен Рысалиевди камаш керек эле биринчи
+6
BekAmir
2019-05-22 00:22:50
Баарын койуп Садыр Жапаровду токтоосуз актагыла
+1
turaliev
2019-05-22 02:37:31
Садыр Жапаровго боштондук
+1
Farra16gsin
2019-05-22 07:42:21
Турсунбек Акунга кезек жетпей койдуго баарына мен жооп берем деп бакылдады элего жкнын трибунасынан аны кармаса жүрөгү кармап калбасале болду
+3
Kamchybek-007
2019-05-22 16:35:07
Farra16gsin,анын бомбасы бар))))) жаздырып салат)))
0
Jaznura
2019-05-22 09:29:19
Атамбаевдин камалышына канча кадам калды. Башкасын танса да Батукаевди бошотконун тана албайт
+3
altyn-kumush
2019-05-22 09:44:23
Бироону камактан чыгарып жиберишип, эми ондогону камакка отурчудай болуп турат. Баш деген такыр иштебейт да, АША баш болуп
+3
katerina.li
2019-05-22 09:59:42
Турсунбек Акунду эмне сурака чакыртышпайт??? Ошол кезде Батукаевдин эжеси интервью берди элего Акунга 100мин доллар акча бердик Азизиди бошоткула деп
+3
admin_portal
2019-05-22 10:59:21
tursunbaev78, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү сызыгы толгон Түбөлүк БАН!
-1
Dembele84
2019-05-22 16:41:23
admin_portal,Админ эскертуу сызыгын каерден,кантип билсе болот?
0
admin_portal
2019-05-22 17:03:38
Dembele84, өздүк маалыматтарга кирсеңиз, аватардын ылдый жагында "Эскертүүлөр" деп турат.
-1
suban78
2019-05-22 12:29:18
Эмнеге эле Батукаевдин кеткенин чуу кылып жатышат. Кетсе кетти да эми. Эл тынч жашайт да кетсе.
0
taalay25
2019-05-22 13:53:33
Статьялар да алмашып кеткенби жаны кодекс боюнча? 98 статья башка ишке коюлчу эле го мурда бироону олтурууго аракет кылган ишке коюлчу
0
Dembele84
2019-05-22 15:57:46
Акун,Рысалиев и АША ны камап болду бул Батукаев боюнча ишти жабыш керек суйроп журо бербей.Андан башка кыла турган иштер толтура!
+2
Erik2018
2019-05-22 16:39:40
Атамбаевди камаш керек.
+2
Bektur2011
2019-05-22 16:42:26
Атамбаевке да кезеги келип калыптыр сыягы
+1
admin_portal
2019-05-23 09:31:40
Tursunbaev2017, коомдук адепти сактаңыз. БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан