Жогорку Сот Акыйкатчы институтунун Бишкектеги СИЗО-1де боюнда бар аял эски телефонду уурдаганы үчүн белгиленген мөөнөттөн ашыкча отурат деген маалымат боюнча билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук соту 2018-жылдын 11-октябрында мурда соттолгон Б.С.нын ишин карап чыккан. 15-октябрда сот шектүүнү үй камагына чыгарган. Бирок ал сотто келтирилген өтүнүчтөрдү аткарбай, жашаган жерин өзгөртүп, дайынсыз жок болуп кеткен.
Ал эми 10-декабрда райондук прокуратуранын өтүнүчү менен шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ага карата издөө салынган. 2019-жылдын 7-июнунда иш Свердлов райондук сотуна түшүп, каралып баштаган. Соттук уктуруу 24-июнга белгиленди.
Ошондой эле шектүү аял азыркы учурда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 26-июнга чейин камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова менен бир камерада отурганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады.
Окуянын чоо-жайы:
12-июнда акыйкатчы Токон Мамытов СИЗО-1ге барган учурда Б.С. аттуу аял менен маектешкен. Ал буга чейин акыйкатчыга арыз менен кайрылып, Свердлов РИИБинин тергөөчүсү менен райондук соттун судьясынын аракеттерине даттанган. Арыз ээси эски телефонду алганы үчүн кармалган. Ал телефонду өз ээсине кайтарып берип, жабырлануучу тил кат да жазып берген. Ошондой эле арыз ээсинин 1 жаш 2 айлык баласы жана 3 айлык боюнда болгон.