ЖЭБ соту. Айыпталып жаткан энергетиктердин үчөөсү үй камагына чыгарылды

Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча айыпталып жаткандардын үчөөсү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевдин жактоочусу Эрнис Саданбеков билдирди.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык соту айыпталуучулар Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыковду, "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоевди жана ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбековду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

"Айыпталуучулардын бир катар жактоочулары тарабынан мурдагы инстанциянын чечимине карата апелляциялык арыз жазгандыгына байланыштуу аталган иш Бишкек шаардык сотунда каралып баштады. Нурлан Садыков, Бердибек Боркоев жана Нургазы Курманбековдор күнөөлөрүн моюнуна алгандыгына байланыштуу, сот аларды үй камагына чыгарды. Алар боюнча акыркы чечим кийинки отурумда чыгат. Ал эми Айбек Калиев, Узак Кыдырбаев, Нурлан Өмүркул уулу жана Темирлан Бримкуловдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды", - деди Саданбеков.

19-апрелде ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча Биринчи Май райондук соту айыпталуучуларды 2 жарым жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыраткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pat12
2019-05-29 23:48:40
Жалданма соттор Жээнбековтордун гана буйругун кутуп туруша. Жээнбековтун сотторду озум тазалайм деген убадасы жалган болуп чыкты. Атамбаевти сатпагандар гана камалып жатат. Раим миллиондор журушот. Мына силергк Жээнбековтун реформасы. Рейдерлик менен партия, уюмдарды, иш каналарды басып алуу Жээнбековтун реформасынан кийин башталды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан