Мурдагы премьер-министр Темир Сариев УКМКда сурак берип жатат

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Маалыматка ылайык, Сариев УКМКга ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылган.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан