Бүгүн, 5-июнда Чүй облусунун Орок айылында Айт намаз учурунда катуу сабалган 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн бири Тимур №3 Балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун туугандары дарыгерге таянып билдиришти.
Алардын айтымында, учурда Тимур өзүнө келди. "Тимур Бишкекте окуйт, жайкы каникулга Орокко чоң атасыныкына барган. Ал бейбаш эмес, жоош бала эле. Апасынын боюнда бар", - дешти туугандары.
Саламаттык сактоо министрлиги Тимурдун жандандыруу бөлүмүндө жатканын тастыктап, экинчи сабалган өспүрүм аталган оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланып жатканын билдиришти.
Орокто эки өспүрүмдүн сабалганынан улам айылда жаңжал чыкты.