Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчисинин Орок айылына баруусу боюнча кеңешме өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
"Бүгүн Женгиз Камил Фыраттын Сокулуктагы ызы-чуу чыккан айылга баруусун өз ара талкуулайбыз. Кеңешмеге элчи өзү да катышат. Жыйынтыгы боюнча кечке чейин маалымат таратабыз" деди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев.
Окуянын чоо-жайы:
5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Уруштан 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Башаламандык уюштурууга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.
Окуя болгон жерге түрк элчисинин баруусу социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, анын Кыргыз өлкөсүнүн ички маселелерине аралашуусу сынга алынууда.