ИИМ: "Орок айылында абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө"

Чүйдөгү Сокулук районундагы Орок айылында абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Ыкчам иликтөө жана түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө айылдын 32 тургуну кармалган. Алардын 31и бошотулду жана 1 жаран Сокулук районундагы убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Бүгүн, 6-июнда сот тарабынан анын баш коргоо чарасы каралат.

Ошондой эле түн ичинде бир дагы тартип бузуу болгон жок. Азыркы учурда Сокулук райондук ички иштер бөлүмү менен Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери абалды көзөмөлгө алып, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууну улантышууда", - деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм бала 1 баланы жалгыздап сабап салышып, жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Буга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген.

Ороктогу окуядан видеорепортаж
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2019-06-06 07:55:48
Ачууга алдырбагыла бул даагы бир адамдын кызыкчылыгы үчүн эле болуп жаткандай карапайым эл кыйналат бир күндө жаңы жердеда болуптур именно айт намазда бир адам эле уюштуруп жаткандай ИИМдегилер жакшылап иликтегиле
+1
Djumahmatov
2019-06-06 10:14:02
aerforce,жаңы жерде лезгиндер менен жалаң жаштар ортосунда болгон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан