Бүгүн, 5-июнда Орок айылында Айт намаздагы өспүрүмдөрдүн сабалганынан улам жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыкты. Окуя болгон жерге Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Элчи чогулган жарандарга кайрылып, кырдаалды дипломатиялык жана тынчтык жолу менен чечүү керектигин баса белгиледи. Мындан сырткары ал бул маселени чечүү үчүн жергиликтүү аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен да жолугуу керектигин айтты.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Бүгүн эртең менен Орок айылында Айт намаз учурунда 3 өспүрүмдүн ортосунда мушташ болгон. Натыйжада 2003-жылы туулган 2 өспүрүм денесинен ар түрдүү жаракаттарды алып, №3 Балдар ооруканасына жеткирилген. Мындан улам аталган айылда жергиликтүү тургундар чогулуп жаңжал чыккан. Жаңжал учурунда 15 турак жайдын жана бир нече унаанын айнектери талкаланып, жергиликтүү тургундун сарайы өрттөлгөн.