Интернетте журналистке "ырайыңыз жаккан жок" деген өкмөттүн Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн отставкасы талап кылынып жатат

Интернетте журналистке "ырайыңыз жаккан жок" деген өкмөттүн Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун отставкасы талап кылынып жатат.

Социалдык тармактын колдоонуучулары "Чүйдүн губернаторунун этикасын премьер-министр карап, кызматтан ала албаса анда өз отставкасына кол койсун!", "Көпкөндүктүн дагы чеги болот", "Абдраимов, сиздин ырайыңыз жакпайт, кызматыңызды тапшырыңыз", "Туйгунаалы Абдраимов отставкага кетсин" деп жазышууда.

Асейин Саралаев аттуу социалдык тармак колдоонучусу Абдраимовго ыр арнады.

Миң чүрөк болсоң өзүңө,
Май толсо дагы көзүңө,
Кыргыздын кызын кордодуң,
Кечирим сура сөзүңө.

Учурда #Абдраимовкетсин деген хэштег тарап жатат.

Кечээ, 5-июнда Абдраимов Орок айылындагы жаңжал боюнча комментарий берүү учурунда суроолорго кыскача жооп берип жатып толук маалыматты КТРК телеканалына гана берерин айткан. Буга байланыштуу журналисттин "Эмнеге?" деген суроосуна ал "ырайыңыз жаккан жок" деп орой мамиле кылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aerforce
2019-06-06 08:55:02
Кетсин!!! Чынында көзүн май масыптыр бул деген губернатор оорду менен сүйлөш керек балп этип оозго келген сөздү сүйлөп салбай
+13
isarti
2019-06-06 09:10:22
Көөп, кутуруптур да жугундуга тойгонуна.
+16
Baicho_0707
2019-06-06 09:29:38
Анын жузу кимге жагат экен. Сотко бериш керек бул кемсинткендик. Бул акмак канча деген шайлоолорду башкарды, элестете бергиле шайлоолор кандай болгонун, адамдын жузуно карап иш кылса!
+11
bond02
2019-06-06 09:59:01
Бул эргул БШКда иштеген беле?
+5
Aikaaaa
2019-06-06 10:00:42
bond02,БШК га жетекчи болгон
+4
Aikaaaa
2019-06-06 10:02:57
Кандай маданиятсыз, уяты жоктор жүрүшөт кыргыздардын жүзү болуп. Бул киши өзүн сыйлабагандык. Чоңдугуңа чокоюм деп койчу беле... Айтор, сөз жок
+8
Kumarchik
2019-06-06 10:07:53
Кетсин журналистерге ушундай мамиле жасаса жонокой жарандарга салам да бербейт
+3
Mars575
2019-06-06 10:11:13
Оо кайран бийлик окулу, сага ишенген Чуй эли, эй тойгон торопой кет жумушундан!!!!!!!
+5
Shabi
2019-06-06 10:24:44
Азыркы бийлике шайлоо учурунда жакшы жардам берген да.ошон учун губернатор болсо керек.созуно жооп берсин козундогу майын тазалап.озу айтмакчы кебетеси башкача экен
+3
Makedonia
2019-06-06 10:28:35
Мына, азыркы бийликтин жузу. Оз элинин жузунон жийиркенет. Кызмат орду тим эле атасынан мураска калгандай керсейишет.
+7
erjigit-e.15
2019-06-06 10:50:55
Оххоо эмне Дейт бул киши.
+2
Karakash
2019-06-06 10:57:20
Т.Абдраимов сенин жузун кимге жагат. Шайлоону бурмалап откоргонуно эле сенден тунулгон эл. Копкон экенсин. Уяты жоок. Кыздардын жузуно асылбай, кыздан айланып кет. Мээн, ой-жугуртуун кандай экенин шылдындаганындан билинди. Окуп кел кайрадан мектеп программасындагы этика нормасын элге, кызга кандай суйлошту уйрон.
+4
wwwbaxa
2019-06-06 11:02:13
Озунун башына болбосо да балдар-кыздары,неберелеринин башына тушот ушундай иш
+2
Skarlett-Skarlett
2019-06-06 16:01:58
Кетсин!Кетсин!Кетсин!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан