Көз карандысыз журналисттер бирикмеси өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке карата орой мамилесин кескин сынга алууда. Мындай билдирүүнү аталган бирикме таратты.
Орок айылында болгон жаңжалда журналисттер Абдраимовго аймак башчысы катары кайрылып, башаламандык тууралуу расмий маалымат сурашкан. Бирок аткаминер жаңжал тууралуу качан билгени жана окуя болгон жерге кайсы убакта келгени боюнча журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Ал "ырайыңыз жаккан жок" деп жүйө келтирген. Көз карандысыз журналисттер бирикмеси бул аракетти этиканы бузуу катары гана эмес, "ЖМК жөнүндө" мыйзамды бузуу жана маалымат алууга чектөө аракети катары сыпаттайт.
"Мындан тышкары Абдраимов маалыматты "Ала-Тоо-24" мамлекеттик телеканалына берерин айткан. Демек, ал журналисттик коомчулукту өздүк жана башкалар деп бөлүүгө аракет кылган. Буга байланыштуу Көз карандысыз журналисттер бирикмеси Туйгунаалы Абдраимовду журналисттин алдынан кечирим суроого жана мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоого чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Абдраимовдун журналистке кылган орой мамилеси жалпы аткаруу бийлигинин бутагына көлөкө түшүргөнү үчүн өкүнгөнү маалымдалган.