Журналисттер өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматтан кетирүү талабы менен өкмөткө кайрылышат

Бүгүн, 6-июнда журналисттер Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовго барып жолугушту. Мындай акция менен Чүй облустук администрациясынын имаратына журналисттердин баруусуна Абдраимовдун журналистке жасаган орой мамилеси себеп болгон.

Кечээ, 5-июнда Сокулук районунун Орок айылында жергиликтүү тургундар ортосунда жаңжал чыгып, Туйгунаалы Абдраимов ошол жерге барган. Журналисттер андан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу интервью алып жатышканда, арасынан бири "сиз окуя болуп жаткан жерге саат канчада келдиңиз?" деген суроо узаткан. Буга Абдраимов "мен "Ала-Тоо" 24кө (КТРК) жооп берип жатам, калганыңарга чоң рахмат" деп басып кеткен. Журналисттер эмнеге башкаларга жооп бербейсиз деп сурашканда, ал суроо берген кызга "мага сиздин ырайыңыз жаккан жок" деп жооп берген.

Мындай мамиледен кийин журналисттер топтолуп, "кечирим сурасын" деген талап менен облустук администрацияга барышты. Бир жарым сааттай убакыт бою губернатор кабинетин ичинен бекитип алып чыкпай койду. Андан кийин журналисттер менен конференц залда жолугушуп, бирок орой мамиле көргөн журналисттен кечирим суроодон баш тартты. Мындан кийинки суроолорго ал жооп берген жок, ордунан туруп, залдан чыгып кетти.

Журналисттер Абдраимовдун мындай мамилесинен кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден Абдраимовду кызматтан кетирүүнү сурап кайрылабыз деген чечимге келишти.

Эсиңиздерде болсо, буга чейин журналисттердин ар кандай кырдаалдарды чагылдыруусуна бийлик өкүлдөрү тарабынан жасалган тоскоолдуктар болуп келген. Ушул жылдын башында, тактап айтканда, 17-январда "Ала-Тоо" аянтында өткөн митингде иштеп жаткан журналистти милиция кызматкерлери кармап, автобуска салып кеткен. Белгилүү болгондой, "Некст ТВ" каналынын журналисти аны кармап автобуска саларда тартип сакчыларына бир нече жолу маалымат каражаттарынын өкүлү экенин кайталаган. Ага карабастан кармап кетишип, кийин кайра коё беришкен. "Некст ТВ" каналынын өкүлдөрү журналистти милиция эмне себептен кармаганы белгисиз экенин билдирген.

Мындан улам SUPER.KG порталы, "Супер-Инфо" гезити жана SUPER TV'нын журналисттери милициянын маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө карата жасаган мамилеси боюнча нааразычылык акциясына чыгышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан