Орок айылында 2 өспүрүмдү ур-токмокко алгандардын бири үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ соттун чечими менен 2 өспүрүмдү сабоого шектелип кармалгандардын бири 16 жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургун үй камагына чыгарылган. Ал эми 23 жаштагы А.К. соттун чечимине ылайык, СИЗО-1ге которулган.
Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Окуянын чоо-жайы:
5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен Айт намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүм бала бири-бири менен уруша кетишкен. Уруштан 2 өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Мындан соң урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул учурда 2 тараптан мыйзамга жат келген иш-аракеттер жасалып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Башаламандык уюштурууга шектелип 30дай киши Сокулук РИИБине жеткирилген. 6-июнь күнү айылдын ичине жергиликтүү тургундар чогулуп, маселени чечүүнү талап кылышкан. Бийлик өкүлдөрү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ынтымакка келүү чакырыктары айтылган. Бирок айылдын тургундары буга макул болушкан жок. Алардын айтымында, жергиликтүү бийлик маселени чечпестен эле тарап кетишкен.