Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында журналистке "ырайыңыз жаккан жок" деген өкмөттүн Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнө каршы митинг өтүүдө.
Кечээ, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Орок айылындагы жаңжал боюнча комментарий берүү учурунда суроолорго кыскача жооп берип жатып толук маалыматты КТРК телеканалына гана берерин айткан. Буга байланыштуу журналисттин "Эмнеге?" деген суроосуна ал "ырайыңыз жаккан жок" деп орой мамиле кылган.
11:00. Бүгүн митингге чыккандардын басымдуу бөлүгү - журналисттер. Алар Абдраимов кечирим сурасын деген талапты коюшууда.
11:30. Журналисттердин жоон тобу Абдраимовдун кабинетине кирүүгө аракет жасап коридорго келишти. Бул маалда облустун ыйгарым укуктуу өкүлү эшигин ичинен илип алып, чыкпай койду. Журналисттер эшикти такылдатууда, бирок эч ким чыга элек.
11:35. Өзүнүн кызматын жана аты-жөнүн тааныштыруудан баш тарткан белгисиз кызматкер Туйгунаалы Абдраимов кабинетинде чогулуш өтүп жатканын билдирди, бирок кимдерге чогулуш өтүп жатканын айткан жок. Мындан соң дагы бир кызматкер атайын зал даярдап койдук, ал жакка кирип тургула деген сунушун айтты. Журналисттер макул болбой, Абдраимовду эшиктен күтүү үчүн эшикке чыгышты.
11:48. Учурда журналисттер Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын алдында Абдраимовду күтүшүүдө.
11:50. Журналисттер администрациянын имаратына кимдир бирөөнүн чакыруусу менен кайра кирип бара жатышат. Абдраимовдун кабинетинин оозунда аппарат жетекчисимин деген адам түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, журналисттерди дагы деле ичине коё бере элек. Ал Молдакун Абдылдаев экени маалым болду. Абдылдаев Туйгунаалы Абдраимовдун ордуна жооп берип, ушунчалык ачууңар келип жатса сотко кайрылгыла деди.
12:00. Ылдыйкы кабаттагы конференция өтүүчү залга түшүүнү сунуштап, журналисттерди коридордон чыгаруу аракети көрүлүп жатат. Абдраимов дагы деле журналисттердин алдына чыга элек.
12:13. Туйгунаалы Абдраимов журналисттер менен жолугушуу үчүн акыры кабинетинен чыгып конференция өткөрүлүүчү залга келди.
12:17. Туйгунаалы Абдраимов Орокто болгон окуя тууралуу жана ал жакка барганда эмне иш-чаралар жүргүзүлгөнү тууралуу айтып берип жатат. Ал сабалган өспүрүмдөрдүн абалы оор эмес болчу деди.
12:24. Абдраимов журналисттер менен кайым айтыша баштады. Журналисттердин бири Орокто жаман окуя болуп жатканын билип туруп ошол жерде "мылжыңдап" сүйлөгөнүңүз туурабы деп суроо узатты. Абдраимов буга ачуусу келип, "сен мага этикага туура келбеген суроо берип жатасың, мен мылжыңдасам, сиз келжеңдеп жатасыз" деди.
12:27. Мындан кийин Абдраимов калган журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, конференц залдан чыгып кетти.
12:35. Журналисттер Туйгунаалы Абдраимовдун берген жоопторуна канааттанышкан жок. Алар өкмөт башчыдан Абдраимовдун кызматтан кетишин талап кылышмакчы болушту. Журналисттер тарай башташты.