Ысык-Көлдө эки унаа сүзүшүп, 2 адам каза болду. Мындай маалыматты Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.
Жол кырсыгы бүгүн, 7-июлда таңкы саат 4:30 чамасында орун алган.
"Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде Лексус жана БМВ Х-7 үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. БМВ Х-7 унаасын 1995-жылы туулган Х.Э. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Лексус унаасынын айдоочусу, 1 жүргүнчүсү каза болсо, дагы эки жүргүнчүсү оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилди", - дейт басма сөз кызматынан.