Депутат: "Абдраимов "ырайыңыз жакпайт" дегени үчүн журналисттер аны талап, жеп коё жаздады. Бизди экс-президент "чимкирик" деп айтса да унчукпай отурабыз"

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңеште депутат Кожобек Рыспаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламентти "чимкирик" деп айтканына нааразы болду.

"Унчукпай отура беребизби? Туйгуналы Абдраимов журналистке "ырайыңыз жакпайт" дегенде ЖМК өкүлдөрү аны талап, жеп коё жаздады. Экс-президентибиз Жогорку Кеңешти "чимкирик" деп жатса унчукпай отурабыз. Сиз төрагасыз биздин укугубузду коргошуңуз керек. Ооздон чыккан сөзгө экс-президент жооп берсин. Бул жерде "чимкириктер" эмес, саясий элиталар отурат", - деп төрага Дастанбек Жумабековго кайрылды.

8-июнда Бишкекте өтүп жаткан митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев парламент депутаттарын "чимкирик" деп атаган.

10-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов кызматынан бошотулган. Буга чейин ал журналисттердин бирине "ырайың жакпай калды" деп айтып, коомчулуктун жана журналисттердин сынына кабылган.

Депутат: "Жогорку Кеңеш чимкирик да, какырык да эмес. Биз элитабыз"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
katerina.li
2019-06-12 09:51:34
Туура айткан экс президент. Ошон учун унчукпайсынар
+20
Kumarchik
2019-06-12 10:51:00
120 депутатын баары президент айтканын кыласынар кана бирин каршы чыга алат бекенсинер колунардан эч нерсе келбейт
+13
Catti-80
2019-06-12 11:21:58
Туура эле айтты
Рядовой кожобеков
Элита кембагал деп болуштун кереги жок эки жуздуу экенин билебиз
Аша бар маалында кошаматчы болгонун дагы
+9
Alinur96kg
2019-06-12 12:02:35
Суйлой турган созунорду билбейсинер, эмненерге саясий элитасынар? Силер элитный чимкириксинер би анда.
+15
Avrora2017
2019-06-12 12:09:49
Ошондой эмегенде эмнесинер анан, ХХХХХХХХХХ откондо урандын иштелишин кош колдоп атпады беле ушул киши , саясий элита болбой калгыла эл эсебинен байыган ХХХХХХХХ
+9
talas0707
2019-06-12 12:41:52
Эл элита десе элитасынар, ХХХХХХХХХ. Жаман озун мактайт боло бербей.
+8
Baku88
2019-06-12 13:10:56
Сөз ээсин тааптыр!
+6
Baku88
2019-06-12 13:11:27
Молодец Атамбаев эң туура айткан
+9
KGZ-RUS
2019-06-12 14:32:43
Туура соз туганына жакпайт деген ушуда ХХХХХХХ
+4
barakcha
2019-06-12 14:39:59
Туура эле айткан АША!Билет да ким экенинерди.
+7
admin_media
2019-06-12 15:55:29
Баарыңарга эскертүү! Кимди-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынган! Порталдын эрежелерин сактагыла!
-9
Asyl10
2019-06-12 17:44:18
Пффф, башы иштебеген 120 "уялчаак" элита отурат, мамлекетти талап жеп,жарытылуу иш кылбай ооз коптуруп суйлогондондон башка эч нерсеге жарабаган 120 адам. Баарын кетирип ар бир облустан 5 депутат, 7 облустуку биригип 35 депутат жетет. Эмне кереги бар буларды багып кыргыз элине. Телефон учун бирдикке эле ар бир депутат миллион сом сарптайт экен, кыйратып койгондой. Гос обеспечениеде отурган сабатсыз элита соройлорду кыскартып салыш керек.
+2
Aikaaaa
2019-06-12 18:28:11
Атамбаев туура айткан. Кыйратып иш кылбаса, чубалжып отурушса. А тиги журналист кыз дагы жумшактык кылып жатат. Аны антип оскорблять эткидей ал ким, сотко берсе болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан