Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом долбоору каралып жатат.
Депутат Алмамбет Шыкмаматов кийинкилерге сабак болсун десек, Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча чечимди кабыл алып берүү керектигин айтты.
"Кеп Атамбаевде эмес, президент деген институттун жоопкерчилигинде болуп жатат. Бүгүн "Кыргыз мамлекетинде бардык саясат, бийлик президенттин колунда эмес" деп кимибиз деп айта алабыз? Атамбаевдин колунда Башкы прокуратура, УКМК, сот, парламенттеги эң чоң фракция болгондо бул маселе күн тартибине коюлмак эмес. Ушуну айта коём деп Каныбек Иманалиев Өмүрбек Текебаевдей болуп соттолуп кетмек. Атамбаевдин катасы ушунча жыл саясатта, оппозицияда жүрүп бүгүнкү күндү, тарыхты ойлогон эмес. Ал "прокуратура, сот, парламент тегерегимде өмүр бою болот" деп ойлогон.
Кол тийбестигин алып, мыйзам алдында баары бирдей деген принципти орнотушубуз керек. Жыйынга башкы прокурор катышса жакшы болмок. Эгерде Текебаевди, Канат Исаевди, Аида Салянованы соттогондай кылып Атамбаевди соттосо, мен аны биринчилерден болуп колдоп чыгам. Бул окуяны журналисттер, эл аралык уюмдар көзөмөлдөп турат. Прокуратура кынтыксыз ишти так аткаруусу зарыл. Атамбаевдин күнөөсү болсо жоопко тартылышы шарт. Биз болгону кол тийбестигин алышыбыз керек. Кийинкилерге сабак болсун десек, Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча чечимди кабыл алып беришибиз зарыл", - дейт Шыкмаматов.