Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлдү

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул сунушту 96 депутат колдоп, 4 депутат "каршы" деген добуш берди, жыйынга жалпы 105 депутат катталган.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков комитеттин чечими боюнча токтом долбоору менен тааныштырды.

Анын айтымында, эгер Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн бир бөлүгү бул сунушту колдой турган болсо, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу чечимин кабыл алат.

"Кандай гана чечимге келбейли, баары мыйзам чегинде болсун" деди депутат Асел Кодуранова.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков муну атайын комиссия карай турганын айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан