Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча маселени кароо же аны күн тартибинен алып салуу боюнча талкууда депутат Анвар Артыков менен төрага Дастанбек Жумабеков кайым айтышты.
"Баары көрүп турат, күчкө салып эле добуш берген болбойт. Объективдүү болобу? Чуркап 5-6 адамдын баскычын баскандарды залдан чыгаралы. Мындай болбойт", - деди Артыков.
"Баары өз ордунда басып жатат. Ким каттоодон өттү, компьютери иштеп жатабы, ал добуш берип жатат. Мен эч кимге тыюу сала албайм", - деди Жумабеков.
"Сиздин тапшырмаңыз болуш керек. Залда мен жок болсом, компьютер өчүрүлүшү керек. Бирөө менин кнопкамды баса алат деген норма бул жерде жок", - деди депутат.
"Бул добуш берүүнүн алдында, ал эми бул процедуралык маселе. Жакшылап окуп алыңыз!", - деди Жумабеков.
Буга Артыков: "Дастан Артисбекович, сиз мага окуганды үйрөтпөңүз, окуганды жакшы билем! Мага экинчи мындай сын айтпай жүрүңүз!" - деди.
"Жакшылап окуп алыңыз, анан акшыңдабай сүйлөңүз. Болду!" - деп жооп кайтарды Жумабеков.
Буга жооп кайтарууга депутат Артыков микрофон сурады, бирок төрага: "Отуруп туруңуз, сизге микрофон берилген жок", - деди.
Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу сунушун кароо добушка коюлуп, катталган 92 депутаттын ичинен 48 эл өкүлү "макул", ал эми 1 депутат "каршы" деген добуш берген.