Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча маселе бүгүн, 12-июнда саат 16:00дө караларын депутат Канат Исаев билдирген.
Бирок 16:00дө Канат Исаев жыйын кайсы жакта өтөрү белгисиз экенин билдирди.
Бул маселени Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери, Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупция комитети карайт. Андан соң документтер Жогорку Кеңеште каралат.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Иса Өмүркулов, Алмамбет Шыкмаматов, Асель Кодуранова маселе качан каралары тууралуу билишпей турганын билдиришти.
Ал эми Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупция комитетинин төрагасынын орун басары Искендер Матраимов бүгүн аталган маселе каралбай турганын белгиледи. Анын айтымында, бүгүн кворум жок.
Бүгүн жыйында депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда Жогорку Кеңешке карата айткан сыны боюнча нааразычылыктарын билдиришти.