"27 гана депутат отурган залдан экс-президентти жоопко тартуу сунушун кароого 48 добуш берилди" дейт эл өкүлү

Бүгүн Жогорку Кеңеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу сунушун кароо добушка коюлду. Бул боюнча депутат Асел Кодуранова төмөнкүлөргө токтолду.

"Экс-президентти жоопко тартуу сунушун кароого добуш берүүгө жалпы 92 депутат катталган. Анын ичинен "макул" деген 48, "каршы" деп 1 добуш берилген. Бирок ошол учурда залда 27 гана депутат бар болчу.

Бүгүн депутат Карамат Бабашевна иш сапары менен кеткенине байланыштуу добушун мага таштап кеткен. Демек, Анвар Артыковдун жана Карамат Бабашевнанын добушун кайтарып алганда "макул" деген 46 добуш калат. Ал эми маселени күн тартибине киргизүү үчүн 47 добуш керек, бул маселе күн тартибинен алынышы керек", - деди ал.

Буга чейин эл өкүлү Анвар Артыков бул боюнча "макул" деген добушту өзү бербегенин, ал залда жок кезде анын ордуна башка бирөө добуш бергенин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан