Депутат Канатбек Исаев: "Атамбаевдин калп сөздөрүнө ишене тургандай кыргыз эли кой эмес"

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Канатбек Исаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда митингде сүйлөгөн сөзүнө нааразы болду.

"Экс-президент парламентти 3-жолу мазактап, аброюна шек келтирди. Буга жооп берүүнү туура көрдүм. Анын сөздөрүндөгү калптарды угуп таң калдым. Ал өз сөзүндө "бийликке келгенде мугалимдердин, дарыгерлердин, милиция кызматкерлеринин айлыгы 2 миң сом болчу" деп айтып жатат. Мен Билим берүү жана илим министрлигине, ИИМге, Чек ара кызматына суроо-талап жөнөттүм. Алар 2010-жылы андай айлык алышпаптыр. Атамбаев УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгын 2013-2016-жылдары Асылбек Кожобеков, 2016-2018-жылдары Идрис Кадыркулов жетектеп турганда алар айрым бажы кызматында болгон терс көрүнүш боюнча маалымат бербей жүргөн экен деп айтып жатат. Кайсы облустун жетекчилери президентке маалымат берчү эле? Алар маалыматты УКМКнын төрагасына берет. Төрага президентке бериши керек. Ал кезде төрага Абдил Сегизбаев болчу. Идрис Кадыркулов Райымбек Матраимовдун ишин жашырган деп айтып жатат. Бул жагы дагы жалган болуп чыкты. Мультимиллионер болчумун дейт. Мультимиллионер болсо биздин кесиптештен парламенттик, президенттик шайлоодо эмнеге карызга акча алат? Түркияда миллиарддаган долларым бар деп айтып жатат. Декларациясын карасаң бири жок. Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов бир күндө камалды деп жатат. Жөнөкөй нерсе менен жалган айтууда. Экөө эки башка күнү камалган.

Атамбаевдин калп сөздөрүнө ишене тургандай кыргыз эли кой эмес. Мамлекетке келтирген зыяны боюнча президенттик мөөнөтүнө токтолуп кетсем. Ал премьер-министр кызматын аркалап турганда Орусиянын 123 адамына тапанча белек кылыптыр. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар экен. Кой-Таштагы үйүнүн жер тилкеси боюнча Башкы прокуратурага кайрылгам. Жарым жылдан бери жооп жок. Үйлөрү, жер тилкелери берген декларациялары менен дал келбейт.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү болуп УКМКнын төрагасына ыңгайсыз суроолорду бергем. Ошондо мен бул иштин артында Атамбаев турганын түшүнгөм", - дейт Канатбек Исаев.

Депутат Ирина Карамушкина Исаевдин сөзүн бөлгөнгө аракет кылды. "Атамбаев президент болуп турганда кайда болгонсуз?" деди Карамушкина.

Канатбек Исаевдин сөзүн толук угуп-көрүү үчүн видеону басыңыз.

Исаев: "Атамбаевдин калп сөзүнө ишенгидей кыргыз эли кой эмес"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан