Дмитрий Песков: "Орусия Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча маселеге кийлигише албайт"

Орусия Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча маселеге кийлигише албайт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков билдиргенин басылмалар жазып чыкты.

Пресс-катчы аталган маселе өлкөнүн өз иши экенин баса белгилеген.

"Бул ар бир өлкөнүн ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн ички маселеси. Биз мындай иштерге кийлигишели деген оюбуз, укугубуз да жок. Бул иш-аракетти сындоо туура эмес, ар бир өлкөнүн мындай жагдайда өз тажрыйбасы бар", - деп билдирген Песков.

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралды. Жыйынтыгында парламент Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чечимди кабыл алды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан