Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы талкууланууда.
Анын жүрүшүндө депутат Мыктыбек Абдылдаев Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси объективдүү каралышы үчүн экс-президент өзү жана ага айып таккандардын баары жыйынга чакырылышы керектигин айтты.
Мындан тышкары Абдылдаев 2016-жылы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду ошол кездеги бийликтин аша чапканы деп эсептөө туура деп айтты. "Ушуну бийликти узурпация кылуу десек болот" деди депутат.
2016-жылы 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Каттоодон өткөн 105 депутаттын ичинен долбоорго 89 депутат "макул", 16 депутат "каршы" деп добуш берген. Мыктыбек Абдылдаев - "каршы" деп добуш берген депутаттардын бири.