Конституциялык палатанын мурунку соту депутаттарга: "Атамбаевди отургузсаңар, ал эртең баатыр болуп чыгат"

"Алмазбек Атамбаевди отургузсаңар, ал эртең баатыр болуп чыгат" деген пикирин бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова билдирди.

Ал Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу андан өч алууга айланбашы керектигин айтты. "Экс-президентти түрмөгө отургузууну көздөбөйм, анын уят болгону мамлекеттин уят болгонунан кабар берет. Аны отургузасыңар, ал эртең баатыр болуп чыгат", - деди Сооронкулова.

"Кечээ журналисттер комиссияга катышкандарды “Атамбаевге таарынгандар” деп аташты. Журналисттерди антип жазбоого чакырат элем. Ал андай эмес, кечээ жыйынга катышкан адамдар - Атамбаевдин бийлигинен жабыркагандар, жаза өтөп, абакта отуруп чыккандар. Азыр менин колумда экс-президенттин бийлигинин учурунда Конституциялык палата кандай кылышы керектиги жазылган документтер турат. Бул документтердин баары далил. Анын буйругу аткарылбай калганда артыбыздан аңдып башташкан. Ал нерсе биз ага жакпаган иштерди аткарып салбасын деген максатта уюштурулган. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, бумеранг мыйзамы менен жашоону токтотуу керек, баары мыйзам чегинде болушуна чакырам", - деди Сооронкулова.

Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Кечээки отурумда Атамбаевге 9 оор кылмыш боюнча айып тагылган. Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу үчүн парламенттин 80ден кем эмес депутатынын макулдугу керек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан