Парламенттик комитет экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу демилгесин колдоду

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссиянын чечими каралды.

Комиссиянын корутундусун ага мүчө болгон 12 депутаттын ичинен 11и колдогон. Ал эми комиссиянын 12-мүчөсү депутат Канатбек Исаев жыйында жок болгондугуна байланыштуу кол койгон жок.

Жыйындын жүрүшүндө экс-президентке оор кылмыштар боюнча тагылган 9 айып боюнча алтоо оор кылмыш, ал эми калган үчөө Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турган учурунда жасалгандыгына байланыштуу каралбай турган болду.

Буга чейин 13-июнда Жогорку Кеңеште экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бул сунушту 96 депутат колдоп, 4 депутат "каршы" деген добуш берген болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан