Алмазбек Атамбаевдин тушунда камакка алынгандар экс-президентке айып тагышты (видео)

13-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бул сунушту 96 депутат колдоп, 4 депутат "каршы" деген добуш берген, жыйынга жалпы 105 депутат катталган.

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште аталган комиссиянын жыйыны өтүүдө. Буга чейин комиссиянын курамы бекитилип, ага 12 депутат кирген.

"КСДП" фракциясынан депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;

"Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов;

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу;

"Бир-Бол" фракциясынан депутат Бактыбек Турусбеков;

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан