Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча маселе каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутат Канат Исаев билдирди.
Анын айтымында, 40тан ашык депутаттын колу топтолгон, аны Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго тапшырды. Учурда Исаев дагы кошумча кол топтоп жатат. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бул маселени саат 16:00дө карайт.
Депутат Канат Исаев экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча 40тан ашык эл өкүлүнүн колу топтолгонун айткан.
Бүгүн жыйында депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда Жогорку Кеңешке карата айткан сыны боюнча нааразычылыктарын билдиришти.