"Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө аяктап калганын тергөөчү билдирди", - деп бүгүн, 30-августта SUPER.KG порталына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
"Тергөө аяктаганы тууралуу бизге бүгүн айтылды. Бул боюнча протоколго кол коё элекпиз. Алмазбек Атамбаевди 8-августта кармашты, бүгүн, 30-августта тергөөнү бүтүрүп коюшту. Ошондо тергөө иши тез эле 22 күндө бүттү. Биз бардык нерсе мурдатан эле даярдалган деп ойлойбуз. Буга чейин Атамбаев күбө катары сурала турганы айтылган. Бирок Атамбаев кармалып келгенден бери бир дагы көрсөтмө берген жок. Демек, ал кишинин көрсөтмөсү керек деле эмес экен", - дейт Жоошев.
Жоошев бир жума мурун Атамбаев экс-башкы прокурор Аида Салянова жана мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов менен беттешкенин билдирди.
Атамбаевдин жактоочуларынын бири Сергей Слесарёв бул беттештирүү мыйзамсыз өткөнүн айрым маалымат каражаттарына айтты. "Атамбаев бул иш боюнча эч кандай көрсөтмө бере элек. Алардын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылык болушу мүмкүн эмес. Бул беттештирүүлөр мыйзам бузуу менен өттү", - дейт Слесарёв.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.