Фарид Ниязов "Атамбаев өзүн коргой алат" деген ишеничте

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия өз ишин үзгүлтүккө учуратты. Мындай пикирин бүгүн, 18-июнда "Форумдагы" маалымат жыйынында КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев өзүн коргой алат. "Ал бардык суроолорго жана айыптар боюнча жооп берүүгө даяр. Бирок эч кандай расмий документ түшө элек. Журналисттер айыптарды Талант Мамытовдун оозеки айтканынан гана алышты, бирок документти өз көзү менен көрүшкөн жок. Бул документ табышмак болуп жатат. Депутаттарга да таратылбаптыр. Корутунду чыккандан кийин анын мазмуну өзгөртүлүшү да мүмкүн", - деди Ниязов.

Мындан тышкары ал бийлик эмне үчүн Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга ниеттенип жатканын айтты. "Учурда Атамбаев бийликтин мыйзамсыз иштерине жана баш аламандыгына каршы жалгыз күрөшүп жатат. Ал үй-бүлөлүк башкаруу режиминин түзүлүшүнө тоскоол болууда. Азыр эл Сооронбай Жээнбековдун эки жүздүүлүгүн көрдү деп үмүттөнүп жатам. Президент коррупцияга каршы күрөшүүнү жарыялап, бирок иш жүзүндө коррупционерлерди коргоодо", - деп кошумчалады Ниязов.

Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Отурумдарында экс-президентке оор кылмыштар боюнча айыптар тагылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан