Экс-президент Роза Отунбаева өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча пикирин билдирди. Акипресстин сайтына жарыяланган билдирүүдө ал Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын колдобой турганын айткан.
"Алмазбек Атамбаевдин максаты - аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтүп, өлкөнү "өзүбүздүкүлөр" жана "чоочундар" деп бөлүү" дейт Отунбаева.
"2016-жылы ноябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялардын бири тарабынан Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгеси бүгүнкү күндө өрчүп баштады. 2019-жылы 12-июнда 40 депутаттан турган демилгелүү топтун айыптоолорунда көбүнчө “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин 2016-жылы ноябрь айындагы ошол учурдагы президент Атамбаевге карата импичмент даярдоо боюнча билдирүүсүндөгү фактылар айтылып жатат.
Ошондой эле 2016-жылдын ноябрында башкаруучу фракциянын лидери болуп турган Канатбек Исаев президент Атамбаевдин ишмердүүлүгүн кескин сындап, ал Конституцияны бузуп, бийликти узурпациялаган деп айыптаган.
Парламенттин эки депутаты дал ошол иш-аракеттери үчүн Атамбаев тарабынан түздөн-түз саясий куугунтукка туш болушкан. Оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын эки мүчөсү дагы Атамбаевдин конституциядан тышкары мыйзамсыз иштерин сындаганы үчүн соттук репрессияга кабылышты. Ошондуктан Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевге айыптарды коюусу жана аны кол тийбестиктен ажыратуусу анын президент болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө баа берүүгө негиз болду.
Бүгүнкү күндө парламентти жана анын Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу чечимин колдогондорду сүйлөшүп алганын сындап, таарынгандар деп атап, өч алууга айыптап жатышат. Парламентте дайыма эле жеке ою жок, жалпы пикир үчүн добуш берип келген депутаттык саз болот. Бирок ал жакта тарыхый окуялардын багытын өзгөртө алгандар, бийликтин басымына карай бийлик бутактарынын конституциялык тең салмактуулугун сактагандар, мамлекеттик башкаруунун мыйзамдуулугун көзөмөлдөгөн дагы бар. Парламенттеги ар түрдүүлүк жана карама-каршылыктарга карабай анын институт катары легитимдүүлүгүн сактоо маанилүү. Тарыхта шайланган Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышы авторитардык башчылардын жеке бийлигин бекемдөөдөгү буюртмасын аткарганда эл тарабынан сынга кабылып келген. Алмазбек Атамбаев болсо азыр парламентти коомчулук алдында каралап, мамлекеттик кызматкердин оозунан чыккыс сөз менен атады. Ал кол тийбестиктен ажыратуу маселеси өлкөнүн күн тартибинде турганын түшүнүп алдын ала парламенттин өзүнө карата чечимин жаман көрсөтүүгө аракет кылды.
Муну ал Жогорку Кеңештин тарашы менен парламенттик шайлоонун эрте жана башаламан болушун каалап атайын жасаган. Атамбаевдин кол тийбестиктен ажыратылышына кыжырланып жаткандар депутаттардын кол тийбестиги оңой эле көңүл сыртында калганын унутуп калышты. Парламентте макулдук алуу процедурасынан качып депутаттардын камоо үчүн аларга карата оор кылмыштар ойдон чыгарылганын унутушту. Бийликтин мыйзам чыгаруучу бутагына жарака келтирип, аны президентке баш ийдирүү үчүн парламентти таратуу талаптары чыгарылып турган. Мунун баары кыргыз парламентинин көрүнүшүнө – бузулушу жана коркок болушуна таасирин тийгизди.
Жогорку Кеңешти сындап жатканда ал мамлекеттик башкаруудагы эң ачык аянтча экенин, бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту камсыз кылуучу эл тарабынан шайланган институт экенин эске алуу керек. Тарых кыргыз парламентиндеги шермендечиликке тете барактарын билет, бирок сыйга татыктуу, кээде трагедиялуу күндөрүн да эстеп жүрөт. Депутаттар келишет, кетишет. Бирок көзгө басар жогорку бийлик органынын беделин сактап калуу маанилүү. Жогорку Кеңештин статусун кемсинтүү менен парламенттик башкарууну ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Парламенттен тышкары Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз иштерин сындап келгендер бар. Алар саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер. Принципиалдуу позициясы үчүн алар азап тартып, куугунтукка, репрессияга кабылышты. Ойдон чыгарылган кылмыш иштери менен кол алдындагы соттор тарабынан эркиндигинен ажырашты. Атамбаевдин буюртмасы менен ондогон саясатчылар түрмөгө отуруп чыгышты же дале камакта отурушат. Мыйзамсыздык жана жалган-жалаа менен кадыр-баркы кетип, тагдыры талкаланды, эркиндигинен ажырашты. Ушуну жөн эле таарынгандар деп айтууга болобу?
Жакында Алмазбек Атамбаев “кылмыш иштери ушактардын жана жийиркеничтүү фантазиялардын негизинде ачылат” деп ойлобогонун айтты. Президент болуп турганда аны сындагандар жана оппоненттеринин иши ошол жол менен болбоду беле? Анын “билген эмесмин, уккан эмесмин, мага айтышкан жок” дегендерине көңүл бурганда деле куугунтуктар боюнча резонанстуу иштер ЖМКда кеңири жарыяланып турган. Билбегендей түр көрсөткөнү аркылуу ал кимди ынандыргысы келип жатат?
Президент болуп туруп оппоненттерине жасаган мамилеси сыяктуу Атамбаевдин бардык соттук-укуктук башаламандыкты баштан өткөрүүсүн каалап жаткандарды колдобойм. Ага коюлган айыптар боюнча тергөө акыйкат жана калыс жүрүшүн камсыздоо зарыл. Бирок бүгүнкү күндө тергөөдө жана соттордо принциби жок, чуулгандуу иштер менен аты чыккандар иштеп жатышат. Соттук-укуктук реформа дале башталган абалда турат. Ошондуктан тез арада ойлонуп саясий куугунтукта, коррупция менен атына так түшүрүп алган тергөөчү, прокурорлорду, сотторду жок кылуу ишин баштоо маанилүү. Ак Үйдүн кайсы иш бөлмөсүнөн сот адилеттигинде иштегендерге өздөрүнө чейин ошол бөлмөдө иштеп жаткандар азыр каякта болсо ошол жакка жөнөтүү көрсөтмөлөрү келип жатканын коомчулук тажрыйбасы, интуициясы аркылуу билет.
Башкы прокуратура Атамбаев президент болуп турганда жасаган куугунтук, репрессиялары боюнча “азырынча далил таппаганы” өкүнүчтүү.
Алардын баары көрүнүп турат – жалпыга маалымдоо каражаттарына көп ирет жазылган жана кылмыш иштеринин томдуктарында бар. Бирок соттордун чечимдеринде көңүл сыртында калган. Бийликтин сот бутагынын көз карандысыздыгы акыйкатсыз чечимдер менен камсыздалбайт. Жаңы жагдайлар боюнча соттук иштерди кайра кароо институту – акыйкаттыкты орнотуунун мыйзамдуу жолу элдин сотторго болгон ишенимин кайтаруу үчүн толугу менен иштеши кажет. Ошондо гана Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтүлгөн айыптоолор боюнча акыйкат, мыйзамдуу тергөө, коррупция боюнча айыпталган башка жогорку кызматтагы чиновниктердин ишинде соттордун чечимдеринин мыйзамдуулугун камсыздоого болот. Ошондо бардык Кыргыз жарандарына карата тергөө амалдары, прокурордун айыптоолору жана соттун чечиминде мыйзамдын аткарылышына жетүүгө болот. Албетте бул убакытты, саясий эрк жана жарандык көзөмөлдү талап кылган татаал процесс. Бирок күтүү, коомчулуктун талаптарына жооп берүү үчүн ал нерсе бүгүн башталышы зарыл. Күндүн каарына айланган соттук-укуктук реформа көптөгөн маселелерди чечип, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун кайра калыбына келтирүү менен биримдигин бекемдеп, экономиканын өнүгүшүнүн байлануусу чечилет.
Алмазбек Атамбаев бир нерседен чебер экенин айтууга болот. Ал коомчулукка радикализм, бир чечимге келтирбөөчү, карама-каршылыктарды жаратуучу, бузуучулукка үндөөчү түшүнүктөрдү жана тренддерди жайылта алат. Атамбаевдин айткан сөздөрүн мыйзам чегинен чыгуучу кадамдарга даярдык деп кароого болот. Азыркы бийликти Бакиевчилер деп айтуусунун максаты - аймактык бөлүнүүчүлүктү күчөтүп, өлкөнү "өзүбүздүкүлөр" жана "чоочундар" деп бөлүү.
Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан турган тосмону жасап алып, тергөө аракеттерине курал колдонуу менен каршылык көрсөтөрүн айтты. Муну ал оппозициялык ишмердүүлүк, өзүнүн кайраттуулугу катары көрсөткөнү менен, чындыгында саясий жактан түптөлбөгөнүн жана адамдык алсыздыгын көрсөтүп жатат.
Ал куугунтукка кабылган оппоненттерине митинг менен нааразылык акцияларын уюштурбай өзүнүн ак экенин сотто далилдөө керектигин айткан эмес беле? Анда да тергөөчүлөр, прокурор жана соттор ушул эле курамда иштеп жаткан.
Камакка алынышы буюртма экенине карабастан Өмүрбек Текебаев өз атын актоо жана саясий көз карашынын артынан чыгуу үчүн Кыргыз жерине кайтып келген. Жакында эле Армениянын экс-президенти Роберт Кочарян үчүнчү жолу камалууга дуушар болду. Ал өз күнөөсүн моюнуна албаса да соттун чечиминен кийин өз эрки менен СИЗОго эки жолу келди. Муну ал кыйынчылык менен түзүлгөн туруктуулук, тарапташтары менен оппоненттерин кагылыштыргысы келбегенин айтып түшүндүрдү. Мына ушул саясий лидердин жоопкерчилиги, эркинин күчтүүлүгү.
Ошол саясатчылардан үлгү алып Алмазбек Атамбаев өзүнө аз болсо да тилектештик кылып коомго сый-урмат көрсөтсө болмок. Ошондо коомчулук тергөөнүн мыйзамдуу жүрүшүнө жарандык көзөмөлдү орнотмок.
Жаш мамлекетибиздин түптөлүшү, биз тандаган парламентаризм – оңойго турган жок. Биздин достор, ишкердиктеги өнөктөштөр, кошуналар, саясий серепчилер, чет өлкөдөгү биздин мекендештер жана биздин өнүгүшүбүз үчүн сарсана болуп тургандар Кыргыз өлкөсүндө үчүнчү революция башталганы жатабы деп нес абалда калышты. "Анын эс-тутуму канчалык? Өткөндөн сабак алабы?" дегендер байыркы эл, эки революцияны баштан өткөргөн калк кандай кыларына көз салып турушат.
Коомчулукта жасалма коркунучту жаратканы менен Атамбаев элди бөлүп-жарууга, кырдаалды туруксуз кылууга барбайт деп ишенгим келет. Мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы жеке амбиция жана эмоциядан жогору турушу керек. Бүгүнкү күндө эл туруктуулукту талап кылууда жана кандайдыр бир авантюраларды колдоого албайт", - дейт Роза Отунбаева.